Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жөнүндө. Кесиптик-техникалык билим берүү         
  Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жөнүндө. Кесиптик-техникалык билим берүү   Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жөнүндө. Кесиптик-техникалык билим берүү

Русский    Кыргызча

 

ПҮББМ жөнүндө

Программалар жана курстар

Майкрософт ИТ Академиясы

ECDL IT борбору

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы

Байланыш маалымат

 

Кесиптик-техникалык билим берүү программалы

 

 

Аталган программанын максаты - квалификациясы жогору болгон жана эмгек рыногу талап кылган адистерди даярдоо. Азыркы учурда ПҮБМ төмөнкү кесиптер боюнча окутуу жүргүзүүдө: 

 

  • Курулуш боюнча жыгач уста;
  • Кирпич коючу/таш тизүүчү;
  • Шыбакчы жана плитка жасалгалоочу;

  

КТБ программалары кыска мөөнөттүн талап кылынган кесиптерге ээ болуп иштеп акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет.  Ошол эле учурда, КТБ программалары "Жалпы куруучу" (4 айлык окуу) деңгээлинен "Өнөр жайлуу жана граждандык курулуш техникасынын адиси" (3,5 жылдык окуу) деңгээлине чейин квалификациясын жогорулатууга шарт түзөт.

ПҮБМдин Кесиптик-техникалык билим берүү программалары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирге.

ПҮБМдин КТБ программалары Кыргыз Республикасынын миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин (МЖ МК, http://www.mz.kg/) тарабынан жумушсуздардын окуусунун жарым жартылай төлөө түрүндө көмөктөлөт.

 

Окууга өтүү талаптары:

  • Жашы: 18ден жогору;
  • Билими: Орто билим жөнүндө күбөлүк же болбосо толук эмес орто билим жөнүндө күбөлүк;
  • Ден соолугу чын;

 

 

КТБ программаларында окуу процесс  графиги:

 1-айлампа

2-айлампа 

3-айлампа 

4-айлампа 

5-айлампа 

 6-айлампа

 Сынак

ПҮБМда

билим алуу

6 жума

 

Ишканада

тажрыйба

топтоо

12 жума

ПҮБМда билим алуу

 4-6 жума

 

Ишканада тажрыйба топтоо

12 жума

ПҮБМда

билим алуу

4 жума

 

 

Ишканада тажрыйба топтоо

12 жума

 

 

 

Биз эмнени сунуштайбыз жана эмнеге кепилдик беребиз?

 

  • "Шакирттик" усулу боюнча таасирдүү профессиналдык окутуу;
  • Тажрыйба топтоо жана алдыңкы окуучуларды белгилүү фирмаларда иш менен камсыз кылуу;
  • Окуу башталгандан 2,5 айдан кийин окуучу катары биринчи эмгек акысын алуу;
  • Ыңгайлуу жана ийкемдүү окуу акысын төлөө схемасы;
  • Окуучулардын квалификациясынын үзгүлтүксүз жогорулашы, ошону менен бирге алардын кирешесинин дагы өсүүсү;
  • Кыска мөөнөттүү курстарда кошумча чектеш адистикке ээ болуу мүмкүнчүлүгү;
  • Окуу процессинин ийкемдүү графиги;

 

Сертификация:

Мөөнөтү 1 жылга жетпеген программаларда окуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет. Бир жыл же андан ашык окугандарга мамлекеттик үлгүдөгү сертификат менен бирге ПҮБМ БАУ сертификаты берилет.

 

Окуу акысын төлөө:

Окутуу акы төлөө негизинде жүргүзүлөт, өзгөчө категориядагы окуучулар мамлекеттик пособие же стипендия ала алышат.

 

"Шакирттик" усул деген эмне?

Шакирттик усул  - адамдын жашына карабастан, кесиптик билим берүүнун прогрессивдик ыкмасы . Бул ыкма өнүккөн батыш өлкөлөрүндө өнөр-жай жана тейлөө тармактарында жумушчуларды даярдоодо кеңири колдонулат.  

 

"Шакирттик" усулдун негизги принциптери/жоболору:

1. Эффективдүү модулдук окутуу ыкмаларын колдонуу;

2. Лицейде окутуу лабораториялык-тажрыйба түрүндө өтөт - теориясы 20 %, ал эми тажрыйбалык көнүгүүлөр 80 %  түзөт.

3. Окуу пландары менен иш берүүчүлөрдүн технологиялык процесстеринин топ келиши.

4. Жалпы окуу мөөнөттүн 65 % түзгөн өндүрүштүк окутууга басым жасоо;

5. Теоретикалык сабактарды өздөштүрүү ПҮБМда берилген тапшырмалар боюнча окуучулар тажрыйба топтоп иштеген учурда өз алдынча өздөштүрүлөт. 

 

 

БАУ ПҮБМдүн кесиптик-техникалык билим берүү программалары Сиздерге өз алдынча жашоо, профессионалдуулукту өнүктүрүүгө жана эмгек акыңарды жогорулатууга, демек, көзкарандысыздыкка жана ийгиликке жол ачат!

 

АШ № 1508 лицензиясы




Борбордук административдик кеңсе

ПҮБМ Окутуу борбору, Бишкек ш.
Кыргыз Республикасы, 720040,

Бишкек ш, Токтогул көч,138,

Teл: 996 312 691822
http://www.ucentralasia.org/

Текели шаарындагы ПҮБМ өкүлчүлүгү
Казахстан Республикасы,  041700

Текели ш., Гагарин көч, 13
Тел.: (72835) 43-849
SPCE.Tekeli@ucentralasia.org

Хорог шаарындагы ПҮБМ өкүлчүлүгү
Таджикистан Республикасы, 736000
ГБАО, Хорог ш, Ленин көч, 90,
Тел.: (3522) 2-22-77
SPCE.Khorog@ucentralasia.org

 

Нарын шаарындагы ПҮБМ өкүлчүлүгү.   
Кыргыз Республикасы, 722900
Нарын ш., С. Жакыпов көч,10,
Тел.: (3522) 5-12-04, 5-12-05
SPCE.Naryn@ucentralasia.org

ПҮБМ Окутуу борбору, Талдыкурган ш .  
Казахстан Республикасы,

040000 Талдыкурган ш,

Жансугурова көч, 165 
Тел.: 007 (7282) 244-011
SPCE.Taldykorgan@ucentralasia.org

ПҮБМ Окутуу борбору, Душанбе шаары
Таджикистан Республикасы  734000

Душанбе ш, Толстой көч, 75,
Тел.:+992 (37) 224-58-23 доп.104
SPCE.Tekeli@ucentralasia.org

 

 

  

Estama Эстама Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта Estama Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность