![]() |
|
||||
![]() |
![]() |
Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби сунуш кылган программалар жана курстар
Сертификатка ээ кылган программалар Сертификатка ээ кылган программалар билим берүү системасында жаңы багыт - орто мектептен кийин кесиптик тездетилген билим алууга (tertiary short-cycle education) мүмкүнчүлүк берет. Бул багыт чоң курактагы адамдарга жана жаштарга жергиликтүү эмгек рыногу талап кылган кесиптерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Сунуш кылынып жаткан сертификат программалары эларалык стандарттарга ылайык түзүлгөн. Ар бир программа 30 ECTS/ECVET кредиттен турат. Сертификат программаларына төмөнкүлөр кирет:
Англис тилине окутуу программалары Кесиптик жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектеби англис тилин окутуу боюнча өзгөчө программаларды сунуш кылат, ал ар кандай тармактарда кесиптик жөндөмдөрдүн өнүгүүсүнө түрткү болот. Англис тили боюнча сертификат программасын аяктагандан кийин көз карандысыз тесттен өтүп, Лондон Соода-өнөр Жай Палатасынан LCCI эл-аралык үлгүсүндөгү сертификат аласыз. Англис тил программасынын төмөнкүдөй түрлөрү бар:
Кесиптик-техникалык билим берүү программалары Кесиптик-техникалык билим берүү программалары өзүнүн окутуусун абдан эффективдүү келген Канада жана АКШнын эң мыкты методдорунун негизинде жүргүзөт. Программалар 60 - 80 кредиттен турат, окуунун жүрүшү иреттүү график менен өтөт: окуучулар окуу жайында 6 жума билим алышат, андан кийин 12 жума ишканаларда иштешет. Биринчи окуу жылда ийгиликке жетишкен окуучулар 1чи, 2чи жана 3чү даражадагы квалификацияга ээ болушат. Кесиптик техникалык билим берүү программалары төмөнкү кесиптерди камтыйт:
Кыска мөөнөттүү программаларКыска мөөнөттү программалар адистердин кесиптик жөндөмдөрүн жана квалификациясын жогорулатууга багытталган бир же андан көп модулдардан турат. Алынган билимдин деңгээли көз карандысыз эл аралык экзамен алуу борборлор тарабынан экзамен түрүндө текшерилет. Белгилей кетчү нерсе, сертификаттар программаны толук (САР, MOS, MCSA) аяктагандан кийин жана экзамендерди тапшыргандан кийин гана берилет. Ошондой эле көз карандысыз уюмдар тарабынан эларалык үлгүдөгү сертификаттар берилет. Аталган программа камтыган деңгээлдер:
Төмөнкү кыска мөөнөттүү программалар окуучуларды сертификатка ээ кылган программаларга даярдоого багытталган:
Квалификацияны жогорулатуу курстары Бул курсттар өзүнүн квалификациясын айкын тармактарда билимин жана жөндөмүн жогорулатууну көздөгөн адистерге арналган. Курсттарды аяктагандан кийин алган билим деңгээли бааланат. Модулду ийгиликтүү аяктагандарга квалификациясын жогорулатуу боюнча курсун бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк тапшырылат. Бул курсттар камтыган бөлүмдөр:
Кыска мөөнөттүү курсттар Кыска мөөнөттүү курсттар квалификациясын жогоруулатууга жана айрым кесип боюнча билим алууга умтулгандар үчүн түзүлгөн. Курстту ийгиликтүү аяктагандарга жетишкендиктери тууралуу күбөлүк берилет.
Семинарлар/Иш-чаралар Семинарлар жалпы маалымат берүү мүнөзүндө, же айрым темаларда өтөт. Аяктагандан кийин алынган билимдин деңгээлине баа берилбейт, бирок катышкандыгы тууралуу күбөлүк берилет.
АШ № 1508 лицензиясы
|
|