"Мини-технологияларды колдонуу менен кичи жана орто бизнесин башкаруу" сертифитка ээ кылган программасыБизнес ачып иштетүү - бул бир канча бөлүмдөн турган иш аракет. Анын ийгиликтүү өнүгүүсү комплекстүү маселелерди чечүүнү талап кылат. Так ушул аталган маселерди чечүү биздин программанын максаты. «Мини-технологияларды колдонуу менен кичи жана орто бизнести башкаруу» сертифит программасы өз бизнесинин туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсүн каалаган ишкерлерге арналган. Аталган программанын негизги максаты - мини-технологияларды регион үчүн товарларды өндүрүүдө жана сырьёну кайраиштеп чыгарууда ишкерлерди өзүнүн бизнесин туруктуу жана ийгиликтүү жүргүзүүгө окутуп үйрөтүү. Биз окуучуларга теориялык негиздерине гана үйрөтпөстөн, алардын башка ишканаларда иштеп тажрыйба алуусуна кам көрөбүз. Бул программа ишкерлердин жана иштеп турган ишканалардын санын арттыруу, жаңы иш орундарын жаратуу жана жергиликтүү рынокту өз продукция менен камсыз кылуу, азык-түлүк тармагындагы өндүрүш ишканалардын жана курулуш ишканалардын өнүгүүсү аркылуу региондун экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган. Программа бизнестин өнүгүүсүнө көмөк берет жана окуучуларга келечекте «Mini MBA» программасынын окуучусу болуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачат. Сиз эмнени окуп үйрөнөсүз? «Мини-технологияларды колдонуу менен кичи жана орто бизнести башкаруу» сертификат программасына «Ишкердүүлүк» кыска мөөнөттүү программасынын мыкты бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. Алар төмөнкү тармактарда билимге жана жөндөмгө ээ болушат: 1. товарды алдыга жылдыруу жана брендинг; 2. өздүк нарктын калькуляциясын түзүү жана акчалай агындардын эсебин чыгаруу; 3. өндүрүш технологиясы; 4. бизнести өнүктүрүү стратегиялары; 5. бизнестин жана салык алуунун укуктук негиздери. «Мини-технологияларды колдонуу менен кичи жана орто бизнести башкаруу» сертификат программасынын окуу мөөнөтү 4 айга созулат жана 18 ECTS кредиттен турат. Окуу региондогу ишкерлердин бизнес-активдүүлүгү кемиген убакыт - кышкы жана жазгы айларда болуп өтөт. Окуучулардын калоосу менен окуу иш же болбосо дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Программадан күтүлгөн натыйжалар: Окуу аягына чыккандан кийин окуучулар төмөнкүлөрдү билип түшүнүшү керек: - ийгиликтүү бизнес-план кандайча түзүлөрүн түшүнүп билүү;
- финансылык эсептерди алып баруунун жана өздүк наркынын калькуляциясын түзүүнүн жолдорун жана жөндөмдөрүн билүү;
- ресурстардын булактарын кандай колдонууну жана кандай шарттарда колдонууну билүү;
- өндүрүү технологияларын билүү;
- продукталык стратегияны, продуктанын өмүрдүк циклин билүү жана аны анализ кылганды үйрөнүү
- келечекте ишкананын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн стратегияны иштеп чыгууну үйрөнүү;
- маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн принциптерин билүү жана рынокко товарды алдыга жылдыруунун жолдорун билүү;
- жабдууларды жана башка ресурстарды туура сатып алууну жана туура колдонууну билүү
- бизнестин жана салык алуунун укуктук негиздерин билүү;
Кандай квалификацияга ээ болосуздар? «Ишкердүүлүк» кыска мөөнөттүү программасынын аяктагандан кийин Борбордук Азия Университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби окуучуларга жетишкендиктери тууралуу сертификат берет. Ал эми «Мини-технологияларды колдонуу менен кичи жана орто бизнести башкаруу» программасын бүтүргөндөргө Борбордук Азия Университети Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби кесиптик сертификат берет. Бул программага кимдер катыша алат? Программага төмөнкүлөр окуй алышат: - бизнести өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеген иши бар чоң курактагы адамдар
- бизнес алып барууда тажрыйбасы бар, бирок иши жок адамдар;
- бизнесин өнүктүрүүгө муктаж болгон өндүрүш жана тейлөө тармагындагы ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери;
- жеке бизнесин ачууну каалаган жаштар;
- кесиптик-техникалык программалардын бүтүрүучүлөрү жана алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү;
- өз айыл-чарба продукциясын кайра иштетип чыгууну каалаган дыйкан чарбалардын фермерлери жана жетекчилери
Программага катышуу талаптары: орто же орто-кесиптик билим, иш тажрыйбасы бар жана компьютер менен баштапкы деңгээлде иштей билүү керек. Сиздердин мугалимиңиздер Программаны жогорку квалификациялуу жана бизнес тажрыйбасы бар мугалимдер алып барат. Окутуу орус тилинде болот, бирок биздин мугалимдер керек учурда мамлекеттик тилде түшүндүрмөлөрдү берүүгө дайыма даяр. Окуу куралдары Окуучулар Борбордук Азияда бизнестин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан атайын окуу куралдары менен камсыз болот. АШ № 1508 лицензиясы
|