![]() |
|
||||
![]() |
![]() |
Майкрософт ИТ АкадемиясыMicrosoft IT Academy
Microsoft IT Academy (Майкрософтун Информациялык Технология Академиясы) программасы - Microsoft корпорациясынын окутуу тармагындагы глобалдуу чечими болуп саналат. Мындай чечим студенттерди, мугалимдерди жана ИТ-адистеринин профессионалдык топторун бириктирет. Биздин программалар эң кеңири аудиторияга арналган, алардын ичинде баштапкы деңгээлдеги информациялык технологияларды үйрөнүүнү каалагандар жана өзүнүн билимин такай мыктылоону көздөгөн адистер. Жаңы технологияларды билүү биздин окуучуларга карьера жасоодо чоң түрткү болуп, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн берет. Microsoft сертификаттары бүткүл дүйнө жүзүндө бааланат.
Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин Нарын шаарындагы программасына катышуунун деңгээлдери Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби окуучуларга Microsoft IT Academy программасынын эки деңгээлин сунуш кылат.
Microsoft IT Academy программасынын окуучулары сынактардан йигиликтүү өтсө, төмөнкү сертификаттардын бирине ээ болушат.
Microsoft Office Specialist (MOS) сертификаты - Майкрософт Корпорациясынын сертификаты менен аныкталган, квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган информациялык технология боюнча специалисттерге берилчү квалификация. Курстун баасы: 1 100 сом. Сынактын баасы: $32. Баардык суроолор менен Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин академикалык маселелер боюнча менеджерине кайрылсаңыздар болот jenishbek.moldokmatov@ucentralasia.org
MCSA Майкрософт тарабынан берилген сертификатталган системалык администратор даражасын алуу үчүн төмөнкү курстар боюнча сынактарды тапшыруу зарыл:
Course 2285: Installing, Configuring, and Administering Microsoft Windows XP Professional Course 2273: Managing and Maintaining a Microsoft Windows Server 2003 Environment
Окуу акысы жана окуу мөөнөтү Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин академикалык маселелер боюнча менеджеринен сурап билсеңиздер болот - jenishbek.moldokmatov@ucentralasia.org
АШ № 1508 лицензиясы |
||||||||||||||||||||
|