Сертификатка ээ кылган “Бухгалтердик эсеп технологиясы” программасы
Аталган программанын максаты - жеке ишканасынын финансылык отчеттуулугун алпарууга жарамдуу майда ишканалардын (1-5 кызматкер), дыйкан жана фермердик чарбалардын жетекчилерин жана кызматкерлерин бухгалтердик эсептин негиздерин үйрөтүү. Программа орто жана кичи ишканалардын, ошондой эле ири жана мамлекеттик уюмдардын төмөн квалификациядагы позицияларынын бухгалтердик эсеп алпаруу боюнча билимин жана ыкмаларын камтыйт. Сунуш кылынып жаткан программа бизнестин өнүүгүүсүнө көмөк көрсөтөт жана келечекте сертификатталган эларалык бухгалтерлер үчүн атайын программаларды окууга жол ачат (CAP, CIPA). Программа аялдар арасында жумуштуулук көбөйтүүгө көмөк берет. Төмөнкүлөр программанын окуучулары боло алышат: - тейлөө жана өндүрүш ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери;
- айыл чарба жетекчилери жана дыйкандар;
- Ишкерлер (бизнесмендер);
- чоң курактагы иши бар, бирок башка кесипке ээ болууну каалагандар;
- бизнесте иштөө тажрыйбасы бар жумушсуз адамдар,
- жумушка муктаж жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жана жаштар
Программа жөнүндө Бухгалтердик эсеп технологиясы боюнча сертификат программасы 30 ECTS кредиттен турат. Бул орто мектептен кийинки жогорку эмес билим алуу болуп эсептелип, эларалык стандарттагы классификация боюнча билим алуунун 4B деңгээлине туура келет (ISCED-97). Программага тапшыруу үчүн орто-кесиптик билим, орто билим боюнча аттестат же иш тажрыйбасы талап кылынат. Бухгалтердик эсеп технологиясы боюнча сертификат программасынын модулдары. | | Аталышы | Кредит саны | Саатардын саны | Мөөнөтү | 1. | Бухгалтердик эсептин негиздери | 12 | 216 | 8 жума | 2. | Компьютердик сабаттулук жана «1-С бухгалтерия» программасы | 6 | 108 | 4 жума | 3. | Бизнестин укуктук негиздери, салык жана бажы мыйзамдары | 6 | 108 | 4 жума | 4. | Башкаруучулук эсеп | 6 | 108 | 4 жума | | БАРДЫГЫ | 30 | 540 | 20 жума |
Программа жогорку квалификацияга ээ болгон мугалимдер тарабынан атайын иштелип чыккан окуу куралдарын колдонот. Программадан күтүлгөн натыйжалар: - Майда жана кичи ишканалардын, айыл жана дыйкан чарбаларынын финансылык отчеттуулугун түзүү ыкмаларын билүү
- Ири компаниялардын, мамлекеттик мекемелердин жана бейөкмөт уюмдардын эсептерин алып баруу.
- Компьютер менен иштей билүү жана бухгалтердик программалар менен тааныш болуу.
- Юристтик сабаттуулук жана региондун салык, бажы түзүлүштөрүн билүү.
- Кичи ишканалардын жетекчилери тарабынан башкаруу чечимдерин кабыл алууну үйрөнүү
- Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин (SPCE) курстарынын САР жана CIPA деңгээлдерине болочок окуучуларды даярдоо;
Ийгиликтүү аяктаган окуучулар Борбодук Азия Университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин кесиптик сертификатына жана транскрипт - бүтүрүүчүнүн жетишкендиктери тизмеси Жана ошондой эле иш берүүчүлөр үчүн сертификатга ээ болгон адамдын окуу процессинде алган билимин жана тажрыйбасын камтыган кошумча баракчага ээ болушат. Сертификат программалары ошондой эле модулдук түрдө болуп, анда окуучулар кыска мөөнөттүү программалардын окуучуларына теңделип, ар бир ийгиликтүү тапшырган модулга жетишкендиктери тууралуу сертификат жана транскрипт, окуу процессинде алган билимин жана тажрыйбаларын камтыган кошумча баракчасын алышат. Программанын окуучулары жарым күн окушат, ал эми программанын узактыгы 6 айдан жогору келет. АШ № 1508 лицензиясы
|