![]() |
|
||||
![]() |
![]() |
Кесиптик жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү мектеби жөнүндө
Борбордук Азия Университети 2000 жылы Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын өкмөттөрү жана Улуу Даражалуу Ага Хан тарабынан негизделген. Диний эмес жана менчик Университет түзүлгөндүгү тууралуу эл аралык келишимге жана жаңы жогорку окуу жайынын уставына Улуу Даражалуу Ага Хан, Казахстан Республикасынын, Кыргызстан Республикасынын жана Тажикстан Респубикасынын Президенттери тарабынан кол коюлуп, үч мамлекеттин парламенттери тарабынан ратификацияланган жана Бириккен Улуттар Уюмунда катталган. Борбордук Азиянын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, ошол эле учурда жергиликтүү калкка өзүнүн маданий мурасын жана каада-салттарын сактоого жана өнүктүүрүүгө көмөк көрсөтүү Борбордук Азия Университетинин миссиясы болуп эсептелет.
Университет үч мектептен турат. Илимдер боюнча магистрлерди даярдаган Өнүгүү мектеби, бакалаврларды даярдоо боюнча Гуманитардык жана Так илимдер мектеби жана БАУнун алгачкы ишке кирген бөлүмү болгон Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү Мектеби.
Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү Мектебинин түзүлүшү
Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү Мектеби Борбордук Азия Университетинин алдында 2005 жылы түзүлүп, ал эми 2006 жылдын октябрь айында биринчи программаларын ишке киргизди.
Мектептин өзгөчөлүгү кесиптик тездетилген билим берүүсү болуп саналат. Бул билим берүү өнүккөн өлкөлөрдө эчак эле өз ордун тапкан, ал эми Борбордук Азияда жаңыдан гана ишке кирип келе жатат.
Кесиптик тездетилген билим берүү алты ай же андан узагыраак мөөнөттө белгилүү тармакта интенсивдүү түрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Сунуш кылынган программалар чоң курактагылардын билим деңгээлин жогорулатууга же жаңы кесипке ээ болуусуна көмөк берет. Ошондой эле бул программалар кесиптик билим алуунун түрү катары орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн талаптарына да туура келет.
Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү Мектебинин миссиясы - Борбордук Азиянын алыскы тоолуу аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү. Бул миссияны ишке ашыруу максаты менен Кесиптик жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин окуу программалары ошол аймактардын экономикалык көйгөйлөрүн жана өнүгүү тенденцияларынын эске алуу менен түзүлөт. Ошентип ПҮБМ иш аракеттери жаштарга жана чоң курактагыларга ишке орношуу жана кирешесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, ал эми тажрыйбасы бар адистер үчүн билимин дагы жогорулатууга жол ачат. Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү мектеби өзүнүн окуучуларынын кесиптик квалификациясын жогоруулатуу аркылуу өз аймактарында ишкердүүлүктү жогорулатууга жана экономикалык өнүгүүгө көмөк берет.
АШ № 1508 лицензиясы |
|